12.07.2018 10:00
Сооронбай Жээнбеков Таластагы «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарларын улантууда. Бүгүн, 12-июлда мамлекет башчысы бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чынгыз Айтматовдун кичи мекени- Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.
Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: